Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Май дагы кымбаттайт, бирок жол кире көтөрүлбөйт


Кыргызстанда соңку айларда күйүүчү жана майлоочу майга баалар бир топко көтөрүлдү. Бул айдоочуларды бир топ түйшөлтүп, капчыкка таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Оруп-жыюу маалында бул дыйкандардын да чоң маселесине айланды.

Ал эми бийлик өкүлдөрү дүйнөлүк базарга байланыштуу баалар дагы өсүшү ыктымалдыгын, бирок күйүүчү, майлоочу майга тартыштык болбой турганын белгилеп жатышат.

Себептер көп, шылтоолор бүтпөйт


Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майга баалар март айынан тарта акырындап көтөрүлө баштаган. Бирок апрель айынан кийин, айрыкча ыңкылаптан соң баалар кескин көтөрүлүп кетти. Адистердин белгилөөсү боюнча буга дүйнөлүк базарда чийки мунайдын кымбатташы себеп болсо, экинчиден, бул Орусиянын мунайга карата бажы төлөмдөрүн киргизгенине байланыштуу.

Кыргызстанга күйүүчү жана майлоочу майды негизинен “ГазПромнефтьАзия” компаниясы ташып келет. (Бул Орусиянын “ГазПром” ишканасынын алдындагы компания). Аталган компаниянын басма сөз катчысы Өмүрбек Сатаев баалардын өсүшүнө таасирин тийгизген себептерди атады:

- Күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташына бир нече себеп бар. Орусия август айында экспорттук пошлина, төлөмдөрдү жарыялады. Ошол эле кезде Омскидеги күйүүчү жана майлоочу майларды кайра иштетүүчү завод бир тоннанын баасын дагы 50 долларга кымбаттатты. Үчүнчүдөн, доллардын курсу өсүп жатат. Мындан ары божомолдоо кыйын, анткени экспорттук бажы төлөмдөр ар бир айда өзгөрөт.

Ушул тапта Бишкектеги май саткан бекеттерде жогорку октандык Аи-96 бензиндин литри 37 сом 70 тыйын, Аи-92 үлгүсүндөгү 36 сом 20 тыйын, А-80 үлгүдөгү бензин 32 сом 30 тыйын турат. Ал эми майлоочу май (ДТ) 35 сом 60 тыйын болууда. Бул көрсөткүч мындан эки ай мурдагы баага салыштырмалуу дээрлик 10-12 сомго кымбат.

Монополияларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бабырбек Жээнбеков мунай базарында жөнсүз баа көтөргөн учурлар катталбаганын, мындан аркы абалды да көзөмөлдө болоорун белгиледи. Анын айтымында, баалар өскөн менен өлкөдө мунай тартыштыгы болбойт. Ал ошондой эле жол киренин кымбатташына да жол берилбейт деп ишендирди.

- Бизде негизинен “ГазПромнефтьАзия” компаниясы ташып келет. Силер кымбаттатып атасыңар деп доомат коюуга негиз жок болуп жатпайбы. Келгенде эсептеп чыгып, анан ушунча пайыз киреше көрөсүңөр деп биз чек беребиз. Андан ашык булар кое албайт. Аракет кылабыз, бирок кээде базар деген бизге баш ийбейт экен. Жол кирени да биз карайбыз, көзөмөлдү жүргүзөбүз. Сунуштар да келип атат, өз алдынча да көтөрө койгондор болуп атат. Аларга мүмкүнчүлүк бербей жатабыз. Жол кире эч жерде кымбаттабайт. Бензин тартыштыгы да болбойт.

Бензиндин кымбатташына Максим Бакиев күнөөлүүбү?

NYMEХ Нью-Йорк биржасында июль айында бир баррели 72 доллар болуп жаткан чийки мунай 2-сентябрга карата 75 доллардан жогору баага жетти. Лондон биржасында бул баа мындан жогору. Ал эми Орусиянын мунайга болгон бажы төлөмдөрүн көтөрүшү эки тараптуу эркин соода аймагынын алкагында жетишилген келишимдерге каршы келерин адистер белгилеп жатышат.

Анын үстүнө Орусиянын мындай кадамдарга барышына дагы бир себеп бар дейт серепчи Аскар Бешимов. Анын айтымында, Орусия Кыргызстанды күйүүчү майды америкалыктарга, тагырак айтканда Бишкекте жайгашкан транзиттик базага сатып пайда көрүп жатат деп айыптаган. Бул мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин схемасы боюнча айтылган кеп. Бажы төлөмдөрдүн киргизилиши да ушул себептен болгон. Аскар Бешимов учурда андай шарт жок экенин кыргыз бийлиги далилдей албай келе жатат деген пикирде.

- Бизде экркин соода аймагы деген бир топ келишимдер бар. Бирок Орусиянын экономикалык пошлинаны киргизгени бул келишимдерге карама-каршы келет. Баалардын көтөрүлүшүн өкмөт көзөмөлдөбөй жөн эле коюп койгон, ал өзүнчө эле кетип атат. Дүйнөлүк биржаларда күйүүчү майга баа кескин көтөрүлүп жаткан жок. Бир аз көтөрүлүп кайра түшүп, бир көлөмдө кетип атат. Күйүүчү май 4-5% кымбаттаса, ишкерлер абалдан пайдаланып тамак-аштын баасын 15-20% көтөрүп атат.

Дыйкандарга үрөн жана май жагынан жардам берүү маселеси жыл сайын жазында жана күзүндө көтөрүлөт. Бирок өкмөт аларга жетишерлик көңүл бурбай жатканын жана бул тармак аксап келатканын дыйкандар да, адистер да белгилеп келишет.

Оруп-жыюу маалында майга баанын көтөрүлүшү да дыйкандарды түйшөлтүүдө. Айыл чарба техникалары менен камсыздоочу "Фармани" компаниясынын башкы директору, техникалык илимдердин кандидаты Манас Саматов өкмөт дыйкандарга каражат жагынан жардам берсе майды алардын өздөрү сатып алганы туура деп эсептейт. "Майды арзан баада алып берем деген убадалардан майнап чыкпайт" дейт ал:

- Биз ачык базар экономикасы шартында жашап жатабыз. Ошол май куюучу бекеттер четки айылдарда деле бар. Ошондуктан дыйкандарга акчалай жардам бериш керек. Жеңилдетилген баада алып берем дегендин артында коррупциялык аракеттер турат. Дыйкандардын маселесин, муктаждыгын ошол дыйкандан башка эч ким билбейт.

Айдоочулар аң-таң

Бензиндин баасынын кескин жогорулашы айдоочуларды, айрыкча такси кылып иштеп, үй-бүлөсүн баккандарды бир топ эле кыжаалатка салды. Айрымдары бул жол киренин жогорулашына да алып келиши ыктымалдыгын белгилеп жатышат.

Таалай: Жеке мага эле эмес, бул бүтүндөй кыргызстандыктар үчүн чоң таасирин тийгизүүдө. Азыр бензин кымбаттаса эле тамак-аштын баары кымбаттап атпайбы. Мурда бензиндин литри 20 сом болгондо бир жерге 100 сомго жеткирсек, азыр деле ошончо сомго жеткиребиз. Эч нерсе чыкпайт. Андан кымбат кылсаң эл түшпөйт. Элде акча жок. Муну өкмөт чече албайт, Кыргызстандан чыкса чечмек.

Бакыт: Бензиндин кымбаттаганы өтө оор таасир берип атат. Биринчиден, машинамды токтотууга туура келип атат. Чыгаша абдан чоң, шаарда жол тыгын. Бир жагынан үй-бүлөлүк бюджетке да терс таасирин тийгизип атат. Бир жумада миң сомдой кетет, бул да өтө үнөмдөгөндө. Ушундай боло берсе көп унаалар токтойт го дейм. Анын үстүнө жол кире да кымбаттап кетиши ыктымал.

Рысбек: Бензин күндөн күнгө кымбаттап атат, ал эми сапаты начарлап атат. Биздин айткан километрге жетпейт. Өкмөт эч нерсе кылган жок ойшойт бааларды турукташтыруу боюнча. Азыр ар ким билгенин эле кылып жатат окшойт.

Асанбек: Бензиндин кымбатташы аткаминерлерге көп деле таасирин тийгизбейт. Алар бул жөнүндө көп деле кейибейт. Анткени алардын алдында мамлекеттик унаа бар. Алар элдин катарына түшкөндө гана түшүнөт деп ойлойм.

Күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын кыйла жогору болушу аймактарга орчундуу маселелерди туудурду. Ж"ыл сайын эле күз айларында майга болгон баанын жогорулашын кимдер бирөө көзөмөлдөсө болмок, бул багытта шугулдангандардын азабынан баа кымбаттап жатат" деп ырасташат баткендиктер.

Бензин Баткенде да кымбат

Учурда Баткен облусунун бардык аймактарында бензиндин баасы өсүп, А-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 35-36 сом, ал эми А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 38-39 сомду түзүп турса, айыл жерлеринде 42-45 сомго чейин сатылууда. Дизелдик күйүүчү май болсо 37-40 сомдон соодаланууда. Күйүүчү майдын баасынын өсүшү айрыкча айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн арасында нараазычылыктарды күчөтүүдө. Маселен миң чакырымдык Баткен-Бишкек каттамындагы унаалар бир жүргүнчүдөн 1800 сом жол акы алса, 250 чакырымдык Баткен-Ош каттамындагы унаалардын бир кишилик жол киреси 800-1000 сомго чейин көтөрүлдү.

Баанын кескин, улам-улам көтөрүлүшү айдоочуларга же кимдир бирөөгө эмес, жалпы элге, дыйкандарга зыян болуп жатканын айтат айдоочулук менен алектенген Таабалды:

- Ошко айлампа жол менен барып жатабыз. 800-1000 сомго чейин. Жүргүнчүлөр кээде бизди жаман көрүшөт. Бул бензиндин баасына жараша жана жол начар. Жөнөкөй адамга бул кымбаттоолор кыйынчылыкты жаратууда.

Айылдан район борборуна күн сайын каттап иштеген Келдибек жол акынын жогорулап кеткени маянасы аз мамлекеттик кызматтагыларга таасирин тийгизип жатат дейт.

- Биздин айылга таксилер 80 сом кылып алды. Мурда 50 сом эле. Сурасаң башка нерселер кымбат болуп атат дешет.

Күйүүчү майдын айдап себүү иштери башталар алдынан мынтип кымбаттаганы айыл чарба иштерине, күзгү айдап себүүгө да кесепетин тийгизүүдө. Баткендик Сапар Кадыров күйүүчү май жылдагыдан эрте кымбаттаганын айтып, жыл сайынкы кайталанма абалды мамлекет же ушул тармактагы тейлегендер жөнгө салса болмок деп эсептейт.

Баткенге бензинди эки жерден ташып келишет: Өзбекстандан жана Оштон. Бир топ жылдан бери бензин менен шугулданган Мамат Акимов баанын көтөрүлгөнү сатып алуучуга да, сатуучуга да кыйынчылык туудуруп жатканын айтты.

- Оштон бул жакка келгенче жол киреси да бар. Бензовоз өзү да 190 литр бензин жейт. Өзүбүз да чай-пулга чыккандай кылып сатабыз. Элдер мажбур алышат. Оңой иш эмес.

Ал эми облустук акимчиликтин агроөнөржайды өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Жаныкул Назиров өкмөт тарабынан күзгү айдап себүү иштерин жүргүзүү үчүн 82 тонна солярка арзан баада бөлүнгөнүн айтып, бирок азырынча ал кайдан алынып, кантип, кимге, канча берилери чечиле электигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG