Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Молдовада референдум жыйынтыксыз аяктады


Молдовада саясий туңгуюктан чыгууну көздөп уюштурулган референдум жыйынтыксыз аяктады. Элдин кароосуна президентти парламент тарабынан эмес, жалпы добуш берүү аркылуу шайлоо маселеси алынып чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматтарына ылайык, кечээки өнөктүккө шайлоочулардын 30 процентинен азы катышкан. Добуш берүүнү мыйзамдуу деп эсептеш үчүн 3 проценттей жетпей калды. Өз эркин билдиргендердин 87 пайызга жакыны Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун колдошкон, 12 процентине жакыны каршы добуш беришкен. Бир жарым жылдан бери Молдова парламенти коммунисттердин лидери Владимир Ворониндин ордун баса турган талапкер боюнча мунасага келе албай жатат. Бийликтеги батышчыл коалициянын демилгеси менен өткөрүлгөн референдумду коммунисттер бойкоттоого үндөп келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG