Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Пакистандагы кол салуудан 17 киши мерт кетти


Пакистандын түндүгүндө жанкечти полиция бекетине чабуул жасап, бери дегенде 17 кишинин өмүрү кыйылды, 40тан ашуун адам жарадар болду. Өлгөндөрдүн көбү полиция кызматкерлери болчу. Дүрмөттөлгөн машина миңген жанкечти полиция имаратын сүзөрдүн алдында мектеп окуучуларын ташыган чакан автобус менен кагылышкан. Курман болгондордун арасында балдар да бар деп кабарланууда. Бир жуманын ичинде Пакистанда ушуну менен жанкечти ишке ашырган 3 теракт болду. Буга чейинки кыянаттык үчүн жоопкерчиликти өзүнө жергиликтүү талиптер алган.

XS
SM
MD
LG