Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Алдыңбы – кайтарып бер!


Акча азгырыгы
Акча азгырыгы

А.Акаев менен К.Бакиевдин президенттик кезинде кызмат абалынан пайдаланып, экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндөгү жарлыкка 6-сентябрда кол коюлду. Ага ылайык 2010-жылдын 7-апрелине чейин кызматынан пайдаланып, экономикалык кылмыш жасады деп шектелгендер айыбын мойнуна алып, келтирген зыяндын ордун толтуруу милдеттенмесине макул болушса жоопкерчиликтен бошотулат.

“Бир үй-бүлөнүн балдары”

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен санаалаштарына каршы эки жүзгө бир аз жете бербеген кылмыш иштери козголгон. Келтирилген зыян өлчөмү да ополтоо санды түзөт. Непадам коюлган айыптар соттук териштирүүлөрдө ырасталып калса казынага 6 миллиардга жакын сом, 130 миллион доллар кайтарылышы керек. Бул акчанын теңи кайтарылса деле ушу тапта кыйын абалга кириптер болуп турган бюджетке кыйла эле огожо болмок. Бирок да жарыя кылынган экономикалык мунапыска ишенип кайсы аткаминер камчысын мойнуна илип, канча акча төлөштү аныктачу комиссия алдына келерин азырынча эч ким билбейт.

Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаевдин айтуусунда, бир жолку мунапыска канча киши туш келери белгисиз.

- Саны айтылбайт азырынча. Өзүнчө комиссия түзүлдү. Ошол комиссия аныктап чыгат.

Антип экономикалык мунапыска канча адам кабылышы мүмкүн экендиги эмдигиче чоң сыр болуп жатышы кайсы бир саясий күчтөрдүн парламенттик шайлоо алдындагы кылдат саясаты катары сыпатталууда.

Саясатчы Эдил Байсаловдун пикиринде, бул башынан табакташ, үзөңгүлөш келаткандардын бирөөлөрү жаңы бийликке келип, экинчилери мурдагысынын өкүлү катары куугунтукка кабылышынан чыгууда. Агы мисал, кечээки “Алга, Кыргызстан” менен “Ак жол” азаматтарынын көбү партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды ээлеп отурушу.

- 24-марттан кийин эл айдап чыккан соң бүт күнөөнүн баарын А.Акаевдин мойнуна илишкен. Азыр болсо бардыгына күнөөлүү К.Бакиев менен анын үй-бүлөсү. Ал эми жүздөгөн табакташтар, ошол А.Акаевди бийлигине бекиткен. Мына бакиевчилер да кайра эле мурдагыдай бийликке келатышат. 5 – 6 партияга бөлүнүп алып кайра эле ошол революциячыл партиялардын тизмесин карап көрсөңүздөр ошол жерде да отурушат. Булар бири-бирине кол көтөрө албайт. Бири-бирине сес көрсөтө албайт. Анткени бардыгы бир банда, бир үй-бүлө.

Максим Бакиев келе алабы?

Президенттик акимчиликтин укук жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамыров экономикалык мунапыс оор кылмыш жасагандарга жайылбастыгын ырастап, өз өлкөсүндө жашагысы келгендер алып кеткен акчаларын кайтарып бериши керек, дейт. Кыргызстандан арбын акча алып чыгып кетти деген шек менен издөө салынгандардын анабашында, албетте, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев турат.

- Эгерде Максим Бакиевдин үстүнөн өтө оор кылмыш жасады деген беренелер коюлбаса ага деле ошол мунапыс таратылып колдонулушу мүмкүн,- дейт Э.Мамыров.

Эки бийлик тушунда ээлеген кызматынан пайдаланып экономикалык кылмыш жасагандардын кимиси канча каражатты ордуна коюшу керектигин президент жарлыгы менен бекитилген ошол эле президенттик акимчиликтин коргонуу жана коопсуздук бөлүм башчысы Б.Табалдиев баштаган комиссия мүчөлөрү аныкташат. Айыптуу делинип шектелип жаткандар комиссия аныктаган акчаны кайтарып берүү милдетин алышса кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотулат. Парламенттин мурдагы депутаты Бегаалы Наргозуевдин айтуусунда, мунапыс артынан дагы бир бүдөмүк ойду жаратты.

- Бийликтеги партиялар качып кеткен, мурда уурдаган өтө чоң “акулалардын” , коррупциячылардын акчасын өзүнө тартканы жатабы? Ошону шайлоого пайдаланганы жатабы, деген күдүк ойлор элди аралап кетти.

Мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда коррупциянын ооздугун тартуу максатында каржылык мунапыс жарыяланып, бирок да ал жыйынтыксыз аяктаган. Бул ирет жаңы мунапысты кандай тагдыр күтүп жатканы жуп парламенттик шайлоо алдында ачыкка чыгып калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG