Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Талас облус акимчилигинин имараты 20 млн. сомго оңдолду


Таласта облустук акимчиликтин имараты оңдолуп бүтүп, облус башчылары иш бөлмөлөрүнө киришти. Облустун акыйкатчысы Арзыкан Момунтаева 20 миллион сомго оңдолгон бул имараттын ишин көз карандысыз курулушчуларды чакырып, тактабаса мынча каражаттын жумшалганына ишенүү кыйын экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын ишениминде, мындай көз карандысыз текшерүүгө “чындыкты орнотобуз” деп келген жаңы бийлик каршы болбойт. Курулуш ишин “Талас МСПМК” акционердик коому аркылуу 4 кичи курулуш фирмалары тендер аркылуу катышып, оңдоп чыгышты.

Облустук акимчиликин имараты 7-апрелдеги башаламандык маалында талкаланган. Имаратты калыбына келтирүүгө өкмөттөн 20 миллион сом жана ичиндеги эмеректерге 7 миллион сом каралган. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG