Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Нариман Түлеевге мунапыстан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет


Бул туурасында УКМКнын коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев 6-сентябрда Москвадан Бишкекке учуп келген. Президенттин “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү” боюнча жарлыгына ылайык Түлеевге мэр болуп турган учурда мыйзамсыз алган каражаттарды кайтарып берип, мунапыстан колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан сырткары Н. Түлеев иликтөө органдарына экономикалык кылмыш жасады деп ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча сурак берет.

Нариман Түлеев бүгүн "Манас" аба майданына түшкөндөн кийин ал жерде үч сааттай кармалып, кийин суракка чакырылганы кабарланууда.Ушул жылдын 14-майындагы Оштогу, Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги бийликти басып алуу аракетине тиешеси бар деп шектелген Нариман Түлеев жакында "Ата Журт" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары бешинчи болуп катталган. Ага мындан сырткары шаар башчысы болуп турган учурда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптоолор дагы тагылган.

Президент Роза Отунбаева бүгүн кол койгон “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоо жөнүндөгү” жарлыкка ылайык, 7-апрелге чейин мамлекетке материалдык жана каржы жактан зыян алып келип, экономикалык кылмыш жасаган деп айыпталган чиновниктерге чыгымдарды кайра мамлекетке кайтаруу сунушталат. Чыгымдарды калыбына келтирген чиновниктер кылмыш жообуна тартылбайт. Аталган жарлык ушул жылдын 1-октябрына чейин иштейт. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG