Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Россия Израилдин аскерий тажрыйбасын үйрөнүүдө


Россия жана Израил аскерий кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол койду. Келишимдин мазмуну азырынча жарыялана элек. Бирок Россия коргоо министри Анатолий Сердюков израилдик өнөктөшү Эхуд Барак менен Москвада болгон кездешүүдөн кийин “Израилдин куралдуу күчтөрүн модернизациялоо тажрыбайбасы кылдат үйрөнүлүп жатканын” билдирди.

Россия Израилден пилотсуз учактарды сатып алууга кызыкдар. Мындай учактарды Грузия 2008-жылкы согушта россиялык аскерлерге каршы колдонгон. Ырасмий маалыматтарга караганда, Россия бүгүнгө чейин Израилден 12 пилотсуз учак сатып алган. Болочокто 100 миллион долларга ушундай дагы 36 учак сатып алат.

XS
SM
MD
LG