Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Француз министри ирандык аялды куткаруу үчүн баарын жасайт


Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнердин айтымында, ал “никесиз жыныстык катнашка барды” деп айыпталып, өлүм жазасына тартылган ирандык аялдын өмүрүн сактап калуу үчүн “колунан келгендин баарын жасайт”. Кушнер мындай билдирүүнү Сакина Мохаммед Аштани айымдын адвокаттарынын бири Мухаммад Мустафеи менен Парижде жолуккандан кийин жасады.

Ирандын соту обол 42 жаштагы эки баланын энеси таш бараңга алып өлтүрүлсүн деген өкүм чыгарган. Бирок саңсар жөнүндө эл аралык коомчулукка айкын болуп калгандан кийин, сот Сакина айым дарга асылсын деп чечкен. Сот өкүмү качан аткарылары белгисиз.

XS
SM
MD
LG