Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Н.Түлеев сурактан соң бошотулду


Кечээ Москва шаарынан учуп келген Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы суракка алып, андан соң ал коё берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Мурдагы мэр Н.Түлеев кызматта турган кезинде экономикалык кылмыштарды жасаган, Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы бийликти басып алуу аракеттерин каржылаган деп шектелүүдө.

Эми ага президент Р.Отунбаева кол койгон “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө” жарлыгынан пайдалануу жана мамлекетке келтирген зыяндарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Эгерде ал мамлекеттик комиссия белгилеген каражатты кайтарып берүүгө макулдук бере турган болсо ага карата кылмыш иштери токтотулуп, бирок ал кийинки беш жыл бою мамлекеттик кызматка жакын жолотулбайт.

Н.Түлеев шайлоого бараткан партиялардын биринде тизмеде бешинчи болуп шайлоого бараткандыктан, Шайлоо кодексине ылайык каттоодон өткөн талапкерди шайлоо жыйынтыгы чыкканга чейин кылмыш жообуна тартууга же кармоого болбойт. Бирок кылмыш иши сотто далилденгенге чейин ар бир жаран талапкер катары шайлоого барууга укуктуу. (IJz)

XS
SM
MD
LG