Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Партиялар шайлоодо бармакка көзгө көрүнгөн белги салууну колдошууда


Бишкекте өтүп жаткан форумда сөз сүйлөгөн партиялардын көпчүлүк өкүлдөрү шайлоодо добуш берүүчүнүн бармагына көзгө көрүнгөн белги салуу ыкмасын колдой турганын билдиришти. Бир катар партия өкүлдөрү көзгө көрүнгөн белги шайлоону ачык-айкын өткөрүүнүн бирден-бир ыкмасы экенин белгилешсе, мындай демилгени айрым укук коргоочулар да колдошту.

Ошол эле учурда БШК төрагасы Акылбек Сариев комиссиянын кечээки отурумунда бармакка белги кою үчүн түссүз сыя колдонуу туурасында чечим чыкканын, бирок бул маселе комиссиянын кийинки отурумдарында кайра караларын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Мурдагы бийликтин тушунда алынып салган бул ыкма 27-июндагы референдумда кайра киргизилген. Бирок буга чейин өлкөдө добуш берүү учурунда шайлоочунун бармагына түссүз сыя чачылып келген.(KKs)

XS
SM
MD
LG