Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Орусия Кыргызстанга үрөндүк буудайдан жардам берет


Орусия 1,5 миң тонна көлөмдөгү жогорку сапаттагы үрөндүк буудайды Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө, жардам катарында берет. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынын өкүлү Болотбек Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Орусиядан келе турган буудай тазаланып бүтүп, сентябрь айынын акырына чейин келери күтүлүүдө. Учурда буудайдын дыйкандарга кандай негизде берилери такталууда.

Эгер мынча көлөмдөгү буудай келип калса Кыргызстанда 15-20 миң гектарга чейин күздүк буудайдын аянтын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызстанда бул жылы 255 миң гектардан ашык аянтка күздүк себүү белгиленүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG