Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Тажикстанда абактан качкандар менен атышууда 1 кызматкер көз жумду


Бүгүн Тажикстандын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Мамлекеттик коопсуздук комитетинин абагынан качкан кылмышкерлер ортосундагы атышууда Улуттук гвардиянын бир прапоршиги көз жумду. Алдын ала түшкөн маалыматтар боюнча бүгүн эртеден бери Тажикстандын чыгыш тарабындагы Ромит капчыгайы, Вахдат шаары менен Файзабад районунда абактан качкан 25 кылмышкерди издөө боюнча атайын операция жүрүүдө. Кылмышкерлердин бешөө-алтоо, алардын ичинде түрмөдөн качкан орусиялык жарандар бар экендиги жана алар жакшы куралданып, катуу каршылык көрсөтөөрү кабарланган.

23-августтун түнүндө Дүйшөмбүдөгү абактан качкан 25 кылмышкердин бирөө Иброхим Насреддинов гана кармалды, ал эми калгандары из жашырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG