Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Австралиянын премьер-министри жаңы өкмөт түзөт


Премьер-министр Жулия Гиллард парламентте эки депутат анын коалициясына киргенден кийин эми жаңы өкмөт курамын түзөт. Австралиядагы парламенттик шайлоо өткөндөн берки эки жумада парламенттеги эки партия ортосунда коалиция түзүү үчүн күрөш уланып келди.

Эми 150 депутаттан турган Австралиянын парламентинин жетимиш бешин Гиллард жетекчилик кылган солчул-центристтик Эмгек партиясы ээледи. Ал эми оппозициялык лидер Тони Эбботтун консервативдик партиясына жетимиш төрт орун тийди.

Бүгүн премьер-министр Гиллард күчтүү өкмөт курууга сөз берди: "Эмгек партиясы башкарууга даяр. Кийинки үч жылга бул партия туруктуу, үрүмдүү жана коопсуз өкмөт түзүүгө даяр. Биздин өкмөт бир гана максатты – Австалиянын калкына кызмат өтөөнү көздөйт".

XS
SM
MD
LG