Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Милиция эми кызмат өтөгөн аймагын уруксатсыз таштап кете албайт


Ички иштер министри Кубатбек Байболовдун “Республикадагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык тартибин сактоо жөнүндөгү” буйругуна ылайык, мындан ары өлкөдөгү ички иштер кызматкерлери жогорку жетекчиликтин уруксаты жок кызмат өтөп жаткан аймагынан чыгып кетүүгө, уруксатсыз башка өлкөгө барууга мүмкүнчүлүгү жок. Ички иштер кызматкерлери керек болгон учурда гана атайын күбөлүк менен кызмат аймагынан сыртка чыга алат.

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынын ага инспектору Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирип, мындай эреже ички иштер кызматкерлеринин ишин тартипке салуу максатында киргизилгенин белгиледи. (KKs)

XS
SM
MD
LG