Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

МАГАТЭ: Иран уран байытууну улантууда


Тегерандагы иликтөө жүргүзүүчү реактор.
Тегерандагы иликтөө жүргүзүүчү реактор.

АКШ Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Иран боюнча соңку баяндамасы “кооптондурарлык” деп эсептейт. Тегеран болсо документти “тең салмактуу” эмес деп атады. МАГАТЭ акыркы баяндамасында Иран алардын ишине жолтоо кылып жатканын, санкцияларга баш ийбестен өзөктүк программасын өркүндөтүү үстүндө экенин белгилеген.

МАГАТЭ өзөктүк программасы дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырган Иран боюнча баяндамасын ар үч айда жарыялап турат. 6-сентябрда жарыяланган жаңы баяндама эми уюмдун Директорлор кеңешинин келерки аптада башталуучу жыйынында талкууланмакчы.

АКШдан Ак үйдүн басма сөз өкүлү Томми Виетор баяндамада айтылгандарды комментарийлеп, ал Иран өзөктүк программасы боюнча эл аралык милдеттемелерди аткаруудан баш тартып, программасын кеңейтүү боюнча аракеттерин улантуу менен өзөктүк куралды көздөй жакындап калганын дагы бир жолу көргөзүп жатканын белгиледи.

Али Асгар Солтоние
Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтоние болсо баяндама “тең салмактуу эместигин” айтуу менен ал агенттиктин техникалык беделине шек келтирип жатканына токтолду. Солтониенин ирандык “Мехр” агенттигине айтканына караганда, баяндама Иран өзөктүк материалдарды аскерий багытта же өзөктүк курал жасоо максатында колдонбогондугун ырастады. Ушул эле ойдун Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рамин Михманпараст да айтты:

- МАГАТЭнин баш директору баяндамада 23- ирет Ирандын тынч мүнөздөгү өзөктүк программасынан эч кандай четтөө болбогонун белгиледи.


Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ага катар МАГАТЭ Иранга эмес Жакынкы Чыгыштын өзөктүк аресеналы бар деп шектелген жалгыз өлкөсү Израилге көңүл буруусу керектигин кошумчалады.

Ал эми Иран МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн ишине жолтоо кылган мисалдар катары баяндамада Тегеран инспекторлукка көргөзүлгөндөрдүн талапкерлигин такай талашып келе жаткандыгы, быйыл жайда эки инспектордун иштөөсүнө жол бербей койгондугу айтылган. МАГАТЭ мындай көрүнүштөр уюм Ирандагы ишин эффективдүү жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылууда деп эсептейт.

Иран - Бушер өзөктүк борбору.
Иран МАГАТЭнин эки тажрыйбалуу адисинин инспекция жүргүзүүсүнө июнь алар иран тарап өзөктүк программасы боюнча мурда макулдашылбаган эксперименттерди өткөргөндүгүн билдиргенден кийин тыюу салган. Өлкөнүн атомдук энергия боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехинин түшүндүрмөсүнө караганда, ал эки инспектор чындыкка дал келбеген маалыматтарды беришкен. Салехинин айтымында, Иранда БУУнун кээ бир инспекторлоруна тыюу салгыдай укук бар.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтониенин “Ассошейтед пресс” агенттигине билдиргенине караганда, азыр өлкөдө 150дөй инспектор бар. Соңку баяндамада дагы беш инспектордун талапкерлиги жактырылганы айтылган. “Бул Тегеран МАГАТЭ менен кызматташып жатканынын ачык белгиси”,- дейт Ирандын өкүлү.

МАГАТЭ баяндамасында ошондой эле Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин талаптарына жана быйыл киргизилген санкцияларга карабай уран байытууну улантып жатканы көргөзүлгөн. Ирандын өзүнүн айтымында, азыркы тушта анда аз байытылган урандан 2,8 тонна бар. Бул көрсөткүч май айынан бери 400 килограммга өскөн.

Буга кошумча баяндамада Ирандын колунда август айынын соңуна карата 20 пайызга байытылган урандан 22 килограмм топтолгону айтылган. Адистердин айтымында, 20 пайызга байытылган уранды аз байытылган уранга караганда өзөктүк куралга жарамдуу материалга тезирек айлантууга болот. Ал эми Ирандын колундагы 2,8 тонна аз байытылган урандын баары жогорку деңгээлде байылтылса, өзөктүк бомбадан экини жасоого жетет.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад
Баяндамада уран байытууда колдонулуучу жабдуу – центрифугалардын саны мурдагы 3936дан 3772ге азайганы айтылган. Аналитиктер бул балким Иран ушул багыттагы жашыруун жайларда жүргүзүп жатканына же техникалык кыйынчылыктарга кабылганына байлануштуу болушу мүмкүн деп жатышат.

Ирандын жетекчилиги эл аралык коомчулуктун уран байытуудан такыр эле баш тартуу жөнүндөгү талаптарын утур-утур четке кагып келүүдө. БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тегеранга каршы санкциялары да мына ушул жүйөдөн улам киргизилген.

Баяндамада Ирандын негизги өзөктүк обьектилеринин бири - Натанзда МАГАТЭ койгон мөөрлөр алынып салынган учурлар бар экени, бул иликтенери белгиленген. Тегеран болсо мөөрлөрдүн бузулуусун кокустук катары түшүндүргөн.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деп шек санашат. Иран болсо мындай айыптарды четке кагып, программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG