Бул маалыматты вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, азыркы тапта Бекназаровдун абалы жакшы, бирок анын ооруканадан качан чыгаары азырынча белгисиз. Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров кечээ кечинде катуу ооруганын улам Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Учурда анын эмнеден улам ууланганы такталып жатат. (KKs)