Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

ЕККУ өкүлдөрү Ош шаар жетекчилиги менен жолугушту


Ички иштер министрлигинин алдындагы илимий изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыровдун «Азаттыкка» кабарлашынча, жабык өткөн бул жолугушууда ЕККУ менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгын өркүндөтүү маселеси талкууланды. Уюмдун полициялык кеңешчи тобун түштүк аймагына киргизүү парламенттик шайлоодон кийинкиге калтырылды. Мында калктын талабы жана жаңы шайланчу парламент депутаттарынын сунушу көңүлгө тутулмакчы.

Сүйлөшүүгө катышкан мэрдин орун басарлары калаа тургундары ЕККУнун полиция кеңешчилерин аймакка таптакыр жолотпой тургандыгын айтышты. Буга чейин түштүк борборунун жетекчиси Мелисбек Мырзакматов, ошондой эле Ош шаардык, Кара-Суу жана Ноокат райондук кеңештеринин депутаттары жердештеринин чечимин кубатташарын жарыялап, ички көйгөйлөрүн мамлекет өзү жайгарууга кудурети жетерин билдиришкен. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG