Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

“Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?


Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде.

“Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин жанында жашайт жана ал ачылат дегенден тарта эле бушайман болуп келет. Анын айтымында, союз учурунда “Андашта” алгач жардыруу иштери жүргүзүлүп, анын кесепетинен айылдын ичиндеги тамдарга залалы тийген:

- Мисалы, омонийди салып туруп 6 тоннадан 20 тоннага чейин жардыруучу заттарды салмайынча Андаш кени жарылбайт. Анткени эктоникалык жактан өтө бекем, астынын баары аска, үстү эле топурак. Мына ошон биздин эл пионерден пенсионерге чейин бүт жатка билет. Кенди жардырган мезгилде биздин айыл кыйрайт. Буга далил 1982-жылы алгачкы жолу жардыруу ишин жүргүзгөндө көчөгө чейин келип таштар түшкөн. Мектептин айнекери кыйрап калган, 3 этаж мектепин айнегин кайрадан салып чыкканбыз, менин үйүмдүн айнектери талкаланган.

Сүйүркул Сманкулов кесиби боюнча кыргыз тилчи. Бирок ал тоо кендердин иштетилиши тууралуу китеп, журналдардан маалымат чогултуп, окуп-билгендерин айылдаштарына жеткиргенинен улам көпчүлүгү кендин иштетилишине каршы чыгышкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кени боюнча жаңы бийликтин саясатын сынга алды:

- Эки жыл мурда Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик комиссия келген. Калдык сакталуучу жайда, карьерде болуп баарын көрсөткөнбүз. Ошондо биздин каршылыгыбызды Отунбаева туура көргөн. Ал эми азыр кайрадан Астанадагы саммитте “Андашты” да, Жер үйдү да иштетүү керек дегендей сүйлөп калды. Жардырганда сөзсүз таасири тиет. Секундасына 25-30 метрден шамал болгондо биздин Караколдун мөңгүлөрүнө, Талас тоосун пайда кылып турган мөңгүлөргө бир заматта жетет. Бир жылдын ичинде 1 мөңгү ээрип жок болуп, Талас суусу жок болуп кетүү коркунучу бар.

Экономикага салымы канчалык?


Азыркы апта “Андаш” кенин иштетүүгө австралиялык “Кен-тор голд” компаниясы аракет жасап келет. Аталган компаниянын менеджери, адистиги боюнча тоо изилдөөчү инженер, 40 жыл жалаң уран боюнча чалгындоо иштеринде иштеп келген Кадыркан Абдрахманов “Андаш” кени экологияга жана айыл тургундарына тескери таасирин тийгизбейт деп ишенет. Кадыркан Абдрахманов буга далил катары Казакстандын жез казган шаарынын ортосунда кен иштетилип жатканын жана Жаңы Зеландиядагы Марта деген шаарда ачык ыкма менен алтын өндүрүлүп, андагы үйлөр кенден болгон 200 метр жерде жайгашканын мисалга тартты. Адис “Андаш” кениндеги жардыруу иштери жергиликтүү тургундарга эч залакасын тийгизбейт деп ырастайт:

- Жардыруу иши боюнча элдер түшүнбөстүктөн улам кооптуу жагдай чыгууда. Кыска толкун менен жардыруу деген бар. Ал кичине скважиналарды бургулап аз көлөмдөгү жардыргыч салынып, 10 милисекундга жеткен аралыкта жардыруу иши жүргүзүлөт. Ал техникалык коопсуздук боюнча сейсмологиялык таасири 500 метрден ашпайт.

Айыл тургундарынын айрымдары экологиялык коопсуздуктан улам кендин иштетилишине каршылыгын билдирип келсе, айрымдары кен экономиканын өнүгүшүнө салым кошмок деген ишенимде. Бийликтин тоо кендерди иштетүү саясатын колдогон Талас облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусуп Бектенов кендерди иштетүү менен экономиканын өнүгүшүнө пайда кошулат деп эсептейт:

- Биринчи кезекте мамлекеттин, элдин турмушун оңдойбуз десек биз өндүрүштү көтөрүшүбүз керек. Ошондуктан бул кендердин бардыгы иштеш керек! Болгондо ачык тендер өтүп, биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы эске алынышы керек.

Калк ачык суроого ачык жооп күтөт

“Муундардын теңдиги” аттуу экологиялык маселелер менен иштеген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Таалай Арзыкулов эгерде кен иштеткен компаниялар жергиликтүү тургундардын ою менен эсептешкенде нааразылардын саны мынча көп болбойт эле деген пикирде:

- Негизи өзүн сыйлаган, эл аралык стандартты сыйлаган компания болсо, экологиялык багытта иш алып барабыз деген андай компания болсо биринчи келип жергиликтүү калктын ой пикирин, социалдык абалын текшерип, эл-компания-бийлик 3 тараптуу келишим түзүп, андан кийин иш жүргүзсө мен ойлойм жергиликтүү калк каршы болбойт эле.

“Андаш” кени алгач 1962-жылы изилдене баштаган. Негизги изилдө иши 1982-жылдан тарта 6 жылга чейин жүргүзүлгөн. Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары – 1994-жылдан 1997-жылга чейин англиялык ишкерлер “Ала-Тоо майнинг” компаниясын түзүп, изилдөө иштерин улантышкан.

Бирок ортодо иш токтоп, 2004-жылдан 2009-жылга чейин Англияга караштуу «Аурум майнинг ПЛС» негизги каржылоочу булак катары «Андаш майнинг компанисын» түзүп ишти уланткан. Аталган компания бул мөөнөттө Көпүрө-Базар айылына 3 миллион сом өлчөмүндөгү каражатты социалдык тармакка жумшашкан. Дүйнөлүк каржы каатчылыгынан улам 2009-жылы «Аурум майниг компаниясы» ишин токтотуп, 2010-жылдын башынан тарта австралиялык “Кен-Төр голд” аттуу компанияга лицензиясын сатышкан.

“Андаш” кенинде 20 тонна алтын, 70 миң тонна жез бар экени далилденген.

XS
SM
MD
LG