Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Ж.Сорос Хьюман Райтс Уотч уюмуна 100 млн доллар берет


Филантропист Жорж Сорос Хьюман Райтс Уотч уюмуна 10 жылдык мөөнөт менен 100 миллион грант берилерин жарыя кылды.
Каражат Ачык Коом институту тарабынан бөлүнүп, Хьюман Райтс Уотч дагы 100 миллион долларды жеке тараптардан табууга түрткү берет. Хьюман Райтс Уотч болсо беш жыл ичинде жылдык бюджетин 48 миллиондон 80 миллион долларга көтөрүүгө аракет кылат. Сорос өз кайрылуусунда “адам укуктары ачык коомдордун жүрөгү” деп атады.

Эл аралык Хьюман Райтс Уотч адам укуктарынын абалына көз салган бейөкмөт, көз карандысыз уюм. Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында туруп, дүйнөнүн көп жерлеринде өкүлчүлктөрү бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG