Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

“Кумтөр” алтын кени социалдык долбоорлорду ишке ашырууда


«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилиги Ысык-Көл облусунда учурда жүзөгө ашырылып жаткан социалдык программалардан тышкары, үстүбүздөгү жылы бир катар долбоорлорду кошумча финансылоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул долбоорлорду каржылоонун жалпы суммасы 400 000 АКШ долларын түзмөкчү.

Маселен, Балыкчы шаарына балдар аянтчасын куруу үчүн компания 1 миллион 700 миң сом бөлмөкчү.

Фермердик чарбаларды, ошондой эле орто жана кичи бизнести колдоо максатында Жети-Өгүз районунун жашоочуларына кредиттерди берүү үчүн «Жети-Өгүз» микрокредиттик агенттигине кошумча 3 миллион сом бөлүнүүдө.

Тоң районунун калкынын финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компани» «Айылбанк» менен бирдикте кредиттик линияны ачууда, ал да райондун фермерлерин жана ишкерлерин колдоого арналган. Бул долбоорго 7 миллион сом бөлүнөт.

Андан тышкары компания Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мектептери үчүн 6 миллиондон ашуун сомго алты компьютердик класс сатып бермекчи. Бул долбоор өкмөт менен биргеликте жүзөгө ашырылмакчы. Бул тууралуу “Кумтөр” компаниясынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG