Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

ЕККУ парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын баштады


ЕКУУ Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) кечээ расмий түрдө Кыргызстанда 10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын ачык деп жарыялады.

Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы Корин Жонкердин айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоолор Кыргызстан үчүн демократиянын тамырын жайылтууда маанилүү сынак болуп саналат.

Аталган шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Тышкы иштер министрлиги тарабынан чакырылган. Миссия Бишкекте иштей турган 17 эксперттен жана ошондой эле 22 узак мөөнөттүк байкоочулардан турат. Алар Кыргызстандын баардык аймактарында 10 сентябрдан тартып иштей баштайт. Бул шайлоого ЕККУга мүчө болгон 23 мамлекеттен байкоочулар келет.

Ошондой эле ЕКУУ/ДИАУБ бул шайлоого 300 кыска мөөнөттүк байкоочуларды ЕККУга мүчө болгон мамлекеттерден чакырат. Алар жумушун шайлоо күнүндө башташат. Байкоочулар шайлоо күнү добуш берүү участкалардын ачылышына, добуш берүү процессине, бюллетендерди саноо жана жыйынтык чыгаруу ишине
байкоо жүргүзөт. Байкоо миссиясы парламенттик шайлоо процессин ЕККУ милдеттемелерине жана башка эл аралык стандарттарга, ошондой эле мамлекеттик мыйзамга шайкеш келишин баалайт. Байкоочулар шайлоо боюнча үгүт иштерине, шайлоо өткөрүп жаткан бийлик органдардын жана ошондой эле тиешелүү мамлекеттик
мекемелердин ишине, тиешелүү шайлоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына, ММКларда шайлоо процессинин чагылдырылышына жана жалпы маалымат чөйрөсүнө, ошондой эле шайлоого тиешелүү талаштардын чечилишине байкоо жүргүзөт.

ЕКУУ/ДИАУБ шайлоо учурунда ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы менен биргеликте иш жүргүзөт. Алгачкы жыйынтыктар жана корутундулар тууралуу билдирүү шайлоонун эртеси жарыяланат. Жыйынтыктоочу отчет шайлоо процесси бүткөндөн кийин
эки айдын ичинде жарыяланат.

ЕККУ/ДИАУБтун шайлоо боюнча байкоо жүргүзүү миссиясы жана Бишкектеги ЕККУнун борбору бири бирине көз карандысыз жана өзүлөрүнүн милдеттемелеринин алкагында иш жүргүзөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG