Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Митингдерди ээн-эркин өткөрүүнү шарттаган мыйзам даярдалды


Адилет министрлигинин мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамдын негизинде тууралоо иштеринин алкагында “Тынч чогулуу жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоору даярдалды. Жарандардын ээн-эркин чогулуп, тынч маанайдагы митинг-пикеттерди уруксатсыз өткөрүүсүнө жол бере турган мыйзам долбоору Бишкекте бүгүн талкууга алынмакчы.

Даярдалган мыйзам долбоорго Венеция комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу жакшы баа берүүдө.

Буга чейин тынч маанайдагы митинг-пикеттерди өткөрүү кыйынга туруп, ага сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежелери киргизилген болчу. Бирок укук коргоочулар бул Баш мыйзамга жана эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин айтып келишкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG