Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Конголездик жана рунадалык адватчыларды БУУ соттоoго чакырды


Улуттар Уюмунун маалымдашынча, июль-август айларында Конго Демократтык Республикасынын чыгышында каршылышкан куралдуу топтор 500дөн ашуун адамды, анын ичинде жаш балдарды зордукташкан. Бул мурда жарыяланган маалыматтан эки эсе көп. Улуттар Уюмунун баш катчысынын тынчтык операциялары боюнча орун басары Атул Харе Түндүк жана Түштүк Киву провинцияларындагы массалык зордуктоолорду алдын албаганы үчүн Улуттар Уюмунун кызматкерлери да жооптуу деди Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп. Ал ошондой эле аялдар менен балдарга кол салган руандалык жана конголездик козголоңчуларды жоопко тартууга чакырды. Ортолук Африканын каршылышкан топтору алтын жана башка кен байлыктарын контролдоо үчүн согушууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG