Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

М.Намазалиев: Мыйзам сакталышы үчүн милицияны реформалоо керек


Өкмөт тутумундагы эң алгачкылардан болуп реформага муктаж делген маанилүү тармак катары Ички иштер министрлиги көрсөтүлүп келет. ИИМди реформалоо маселеси тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун түптөөчүлөрүнүн бири Мирсулжан Намазалиев жооп берди.

- Сиздер жаңы эле Грузиядан келдиңиздер. Албетте бир кездери Кыргызстан сыяктуу эле СССРдин курамында турган бул мамлекеттеги реформалардын масштабы таң калтырбай койбойт. Биз бир эле тармакты алсак. Биздин Ички иштер министрликти реформалоодо алардан ала турчу өрнөктөр барбы?

- Менин оюмча дээрлик бардык тармактарда болсо да алардын тажрыйбаларын алуу керек, пайдалануу керек. Себеби Грузиядагы бардык адамдар Ички иштер министрлиги баш болгон тармактардагы реформаларга оң баа беришет. Ал тургай азыр Орусия дагы өздөрүнүн Ички иштер министрлигин реформалоодо Грузиянын тажрыйбасына кайрылып атышат.

Биз мисалы Грузияда жүргөндө буларды өз көзүбүз менен көрдүк. Грузияда ИИМдин имаратына барып, ал жактагы адамдар менен жолугуп, алардын иштөө жол-жобосу менен таанышып, көчө полициясынын унааларын жана аппараттарын көрүп, кантип иштеп атканын да байкап келдик.

Биздин балдар мисалы көчөдө унаа айдап баратып бир аз туура эмес айдап коюшкан экен. Аларды көчө полициясы келип токтоткондо, алардын канчалык жакшы иштей турганын көрүп абдан таңыркадык. Аларда орой мамиле деген такыр жок. Анткени алар иштеп аткан ордуларын, полиция деген атты абдан урматташат, кызматтарын жакшы көрүшөт экен. Мисалы, көчөдө бирөө мас болуп жатып калса полиция аны үйүнө чейин өздөрүнүн унаасы менен жеткирип коюшат экен.

Ар кандай изилдөөлөргө караганда азыркы учурда грузиялыктардын 80 пайыздан ашууну полицияга ишенип калышыптыр. Мурда болсо эң эле ишенбеген органдардын бири Грузияда милиция болгон. Бизге ал жактан ар кандай статистикаларды да көрсөтүштү. Мисалы, былтыр Грузияда бир да жолу унааларды уурдап кетүү болбоптур. Чөнтөкчүлөр да жок экен ал жакта.

Негизи ал жакта кызыктуу мыйзамдар бар экен. Бирок эң негизгиси Грузияда полиция мыйзамдардын аткарылышында, мыйзамдын үстөмдүгүнүн сакталышында өтө чоң салымы бар экен. Ошондуктан биз өз өлкөбүздө мыйзамдардын аткарылышын кааласак, эң оболу милицияны же Ички иштер министрлигин реформалашыбыз керек деген ойдомун.

- Милицияны толук жаңылоо, баарын кызматтан алып, таптакыр жаңы адамдарды кызматка коюу, кала берсе атын да полиция кылып өзгөртүү, МАИни такыр эле жоюу сыяктуу радикалдык демилгелер көтөрүлүп жүрөт. Мындай кадамдар жөндүүбү?

- Грузияга деле жаңы бийлик келгенде аларда чоң проблемалар болгон. Алар деле коркушкан, көптөгөн тобокелчиликтерди көрүшкөн. “Бардыгын жумуштан айдап салсак эмне болот?” деген сыяктуу чочулоолор болгон. Маселен алар МАИ кызматындагыларды толук жумуштан айдап, эки жуманын ичинде жаңы кадрларды топтоп, көчө полициясын түзүштү. Азыркы учурда көчө полициясы болуу абдан даражалуу кызмат болуп саналат. Көчө полициясында абдан көп аялдар да иштегенин көрдүк.

Эгерде биз реформаларды аз-аздан жасап, кадрларды аз-аздан алмаштырсак, анда аз-аздан келген адамдар кайра эле көпчүлүккө аралашып кетип, эч кандай система өзгөрбөйт. Мындай шартта жаңы кызматкерлер деле мурдагыдай ойлонгондордун жолун жолдоп, мурдагы системанын калыбына түшүп кете бериши толук мүмкүн. Ошондуктан, менимче, Грузиянын тажрыйбасын биз коркпостон пайдаланып, убактысы келгенде дароо жасай салышыбыз керек. ИИМ кызматкерлеринин бардыгын жумуштан айдап, кайра жаңы кызматкерлерди алган жакшы болот деп эсептейм.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG