Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Молдовада парламент таратылып, жаңы шайлоо жарыяланат


Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Михай Гимпу билдирди. Бир эле учурда парламент төрагасы болгон Гимпунун шаршемби күнү журналисттерге айтканына караганда, ал Конституциялык соттон ушундай чечимди жактыруусун өтүндү. Конституциялык соттун кортундусу келерки шейшембиде чыгары күтүлүүдө. Президенттин милдетин аткаруучунун жогорудагы билдирүүсү алдында, Молдовада ушул жекшемби күнү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум шайлоочулар жетишсиз санда келгендиктен улам жараксыз болуп калган. Референдумга Конституцияга президентти элдин тикелей шайлоосун караган өзгөртүү киргизүү сунуш кылынган болчу. Молдовада бир жылдан бери президент жок. Батышчыл нуктагы төрт партиянын бийликтеги коалициясынын парламентте президентти шайлоо аракети оппозициядагы коммунисттердин тоскоолдугуна кабылган. Анткени коалицияга кирген партиялардын өз добуштары жетишсиз. Бийликтеги коалициянын шаршембидеги билдирүүсүнө караганда, алар мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 21 –ноябрга белгиленүүсүн ылайык көрүүдө.

XS
SM
MD
LG