Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Пакистандагы согушчандарга дагы сокку урулду


Пакистандын коопсуздук күчтөрү Ооганстанга чектеш аймакта америкалык пилотсуз учактын чабуулунан кеминде төрт согушчан катардан чыкканын кабарлады. Муну менен Түндүк Вазиристан аймагында шаршемби күнкү ракета чабулдарынан согушчан деп шектелген 18 адам жок кылынганы ырасмий маалымдалды. Түндүк Вазиристан Ооганстанга жортуул жасап турган талиптер менен “ал-Каиданын” согушчандарынын жатагы эсептелет.

XS
SM
MD
LG