Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

7-апрель окуясы боюнча кармалган 7 көзгө атар 4 айдан бери абакта


Мамлекеттик күзөт кызматынын кармалып, абакта жаткан жети көзгө атарынын ата энелери, жакындары алардын кармалышы саясий тапшырманын негизинде болгондугун билдирүүдө. Алардын коомчулукка жолдогон кайрылуусунда көзгө атарлар 7-апрель күнү элге карата ок атпагандыгы жана андан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн кайтарууда өз милдеттерин так аткарып келгендиги, Азимбек Бекназаровдун массалык маалымат каражаттарына “көзгө атарлар кармалды" деген билдирүүсү алардын кармалышына негиз болгондугу көрсөтүлгөн.
Кайрылуу жолдогондор бийликтен бул иштин адилет каралып, тез арада жыйынтык чыгаруусун талап кылышууда.

7-апрелде Ак үйдүн чатырынан ок аткан 8 көзгө атар кармалгандыгын Убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров 11-майда Ошто эл менен жолугушкан учурда айткан. А.Бекназаров анда күч органдарында ок атуу буйругун ким бергени тууралуу маалыматы бар экендигин, бирок бул тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айтылбай тургандыгын билдирген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG