Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Кыргыз фермер адистери Франциядан тажрыйба алат


Мындай демилгени Бельгиядагы Кыргызстандын элчилиги Франциянын улуттук ассамблеясы менен биргеликте көтөрүп жатышат. Ушул тапта тандалып алынган беш адис 9-сентябрдан баштап Франциянын Лот провинциясында ишке киришет. Айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдогон бул программанын алкагында жаш адистер француз фермердик чарбаларында бир ай жүрүп, кой-эчки сүтүнөн сыр өндүрүүнүн сырларын үйрөнүшөт. Алар мекенине кайтып келгенде ар бири өз регионунда фермердик чарба ачышы керек. Мамлекет аларга кредит алууга жана керектүү жабдуулар менен камсыздоого жардам берет. Бул туурасында тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG