Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сессиясына катышат


Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов жетектеген кыргыз делегациясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык комитетинин алтымышынчы сессиясына катышат. Сессиянын программасына регионалдык бюронун ишмердиги туурасында отчету, Европада коомдук ден соолукту коргоо жана саламаттыкты сактоо саясаты жана башка маселелер киргизилген.

Сессиянын отурумдарынын биринде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов «Коомдук саламаттыкты сактоо - адамзаттын ден соолугунун негизги шарты» деген темада билдирүү жасайт. Сессия 13-16-сентябрда Москвада өтөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 6 регионалдык бюродон турат. Кыргызстан 1992-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мүчөсү болуп кабыл алынып, уюмдун Копенгагенде жайгашкан Европалык регионалдык бюросунун курамына кирген. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG