Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Америкалык пастор Куранды өрттөө планын убактылуу токтотту


Флорида штатындагы христиан чиркөөсүнүн башчысы Куранды өрттөө планы убактылуу гана токтотулганын билдирди. Терри Жонс 20011-жылдын 11-сентябрдагы АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдарды эскерип, ишемби күнү Куранды өрттөмөк болуп жаткан. Бейшемби күнү диниятчы оболу Нью-Йорктогу террордук чабуулда кыйраган Дүйнөлүк борбордун ордуна чукул жерде курулат деп пландалган Ислам борборунун башчысы борборду башка жайга макулдук бергенден улам ал өз ниетинен баш тартканын билдирген эле: "Имам мечитти башка жайга көчүргөнгө макулдук берди. Биз ишемби күнгө мерчемделген иш-чарабыздан баш тарттык. Мен ишемби күнү имам менен жолукканы Нью-Йоркко учуп барам".

Бирок Нью-Йорктун имамы Фейсал Абдул Рауф Ислам борборун башка жайга жылдыруу жөнүндө эч кандай келишим түзбөгөнүн билдирди. Ушундан кийин Терри Жонс Куранды өрттөө убактылуу гана токтолду деп, мурда айткан сөзүн оңдогон билдирүү жасады.

Тарса пастордун Куранды өрттөө планын президент Барак Обама, ошондой эле дүйнө өлкөлөрүндөгү саясий жана диний лидерлер сындашкан. Куранды өрттөө Ооганстандагы америкалык жоокерлердин өмүрүнө коркунучту күчөтүп, ислам экстремисттеринин санын көбөйтөт деп эскертишкен АКШнын саясий жана аскерий жетекчилери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG