Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

"Камбар-Ата-2" ГЭСинин 2-агрегатына 5 млрд. сом керек


Бул туурасында Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өкмөттүн кечээ күнкү отурумунда билдирди. Ал ГЭСтин биринчи агрегаты иштей баштагандан бери инвесторлордун долбоорго болгон кызыгуусу арта баштаганын билдирип, курулуш иштери токтобой тургандыгын белгиледи. Министрдин айтымында, азыркы тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллиард 500 миң куб метрди түзүп жатат. Натыйжада ушул жылдын 9-сентябрына карата 832 млн. кВт/саат электр энергиясы экпорттолгон. Бул көлөм 2009-жылга салыштырмалуу 134 млн. кВт/саатка көптүк кылат. Булар туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG