Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Нарын шаарынын мэри шайланды


10-сентябрда Нарын шаарынын мэрин шайлоо үчүн Нарын шаардык кеңештин депутаттарынын 14-сессиясы болду. Ага 28 депутат толук катышты. Мыйзамга ылайык, президент шаар башчылык кызматына эки талапкерди сунуш кылган. Экөө тең Нарын шаарынын депутаттары – курулушчу Болот Байгубатов, жеке ишкер Баатырбек Жээналиев. Депутаттар жашыруун добуш берген соң, бир бюллетень жараксыз болду, 16 добуш менен жеке ишкер, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, 51 жаштагы Баатырбек Жээналиев Нарын шаарынын мэри болуп шайланып, үч айдан бери бек турган шаар башчысынын бөлмөсүнө кирди.

Депутаттардын сессиясына президенттик админстрациянын Нарын облусу боюнча куратору Аскарбек Жумалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдысатар Баялинов, Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетов катышты.

Нарын шаарынын мурдакы башчысы Алмаз Кулматов июнь айында айрым нааразылыктардан улам кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG