Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Бүгүн парламенттик шайлоого үгүт иштери башталды


Бишкектин чоң көчөлөрүндө партиялар түнү бою жарнамаларын илип чыгышты. Гезиттер да ар кыл партиялардын рекламаларына орун беришүүдө. Мамлекеттик маалымат каражаттарынан бекер чыгуу үчүн партиялар дүйшөмбү күнү чүчүкулак кармашат.Үгүт иштеринин мыйзам чегинде өтүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын жумушчу тобу көзөмөлдөмөкчү. Комиссиянын элегинен 28 партия өттү. “Эгемен Кыргызстан” партиясы шарттуу каталып, анын төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков кандайча бир эле учурда “Туран” партиясынын мүчөсү экендиги такталууда. Анын аралыгында, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 28 чет өлкөлүк байкоочуну каттады. Алардын жыйырма бирин ЕККУ уюму жиберген, жетөө - КМШнын байкоочулары. (JCH)

XS
SM
MD
LG