Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

АКШдагы 11-сентябрь каргашалуу окуясы Бишкекте да эскерилди


2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон терактын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы Бишкектеги “Манас” транзиттик борборунда өткөрүлдү. Эскерүү аземинде транзиттик борбордун жетекчиси жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татианна Гфеллер сөз сүйлөштү. Президенттик администрация жетекчисинин орун басары Мухтар Жумалиев президент Роза Отунбаеванын атынан сөз сүйлөп, АКШ эл аралык терроризм менен күрөшүүдө үлкөн салым кошуп жаткан белгиледи. Ошондой эле бул иш-чарага Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Бишкек шаар мэри жана ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” транзиттик борборунун басма сөз катчысы Айгүл Карымшакова билдирди. 2001-жылдын сентябрында жанкечтилер карактаган жүргүнчү учактардын Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борбордун кош мунарасына урулуусунан жана Пентагондун имаратына, Пенсильвания штатынын аймагына кулоосунан 3000дей адамдын өмүрү кыйылган. (ES)

XS
SM
MD
LG