Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Түркияда конституциялык референдум өтүп жатат


Өкмөт заманбап демократия куруп, согуштук диктатуранын жана адам укуктарынын тепселенишинин кесепеттеринен арылуу үчүн конституцияны өзгөртүш керек деп эсептейт. Бирок оппозиция менен аскер башчылары премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды жана анын исламчыларга ыктаган АК партиясын бийлигин күч алдырып, өлкөнү секулярдык републикадан алыстатуунун айласын көрүп жатат деп айыпташууда. Сунуштар акыйкаттык системасын реформалап, армиянын таасирин чектөө аракеттерине негизделген. Сурамжылоо бул чаралардын колдоочулары менен оппоненттери дээрлик теңме-тең экендигин көрсөтүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG