Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Түркиянын бийликтеги партиясы референдумда жеңди


Түрк шайлоочулары конституцияга алымча-кошумча киргизүү сунушун колдошту. Премьер-министр Режеп Таип Эрдоган алгачкы жыйынтыктарга таянып билдиргенине караганда, добуш бергендердин 58 проценти конституциялык өзгөртүүлөргө “ооба” деп жооп беришкен. Өзгөрүүлөр негизинен сот системасынын иштешине жана армиянын ролун чектөөгө багытталган. Премьер өнөктүккө шайлоочулардын 77-78 проценти катышканын кошумчалады. Ак Үйдүн маалыматына ылайык, АКШ президенти Барак Обама Эрдоганга телефон чалып, түрк демократиясы үчүн маанилүү күндү кубаттады. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган бийликтеги партия учурдун талаптарына жооп берген демократия курууну көздөгөнүн ырастоодо. Оппозиция жана аскерлер Эрдоган жана анын исламга ыктаган партиясы бийликти ого бетер өз колуна топтооону жана секулярдуулуктан оолактоону максат кылууда дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG