Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

Иран америкалык жаранды күрөөгө коё берет


Айрым кабарларга караганда, Иран америкалык жаранды 500 миң доллар күрөөгө коё берүүгө макул болду. Мамлекеттик маалымат каражаттары Тегерандын прокурору Аббас Жафари Долатабадинин сөздөрүнө таянып кабарлашкандай, Сара Шоурдду коё берүү чечими соттун анын оорусу жөнүндөгү бүтүмүнөн кийин кабыл алынган. Саранын апасы май айында кызы менен көрүшкөндөн кийин, ага керектүү медициналык жардам көргөзүлбөй жатканын айткан. Шоурд жана америкалык дагы 2 жаран былтыр жайында Ирак менен Ирандын чек арасында кармалган. Алар түндүк Иракка турист катары барышканын ырасташууда. Тегеран болсо америкалыктарды Иран аймагына мыйзамсыз кирип, тыңчылык кылышкан деп айыптап келатат. Вашингтон мындай кинени негизсиз деп атоодо. Сара Шроудду бошотуу ишембиге болжолдонгон, бирок сот айрым техникалык себептерге шылтоолоп, аны коё берүүнү жылдырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG