Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Бүгүн Саясий партиялар ММКларга бекер чыгуу үчүн чүчү кулак кармашат


Шайлоо Кодексинин VI бөлүгүндө шайлоону маалыматтык камсыз кылуу белгиленген. Ага ылайык 32-берененин 2-пунктунда “мамлекеттик теле радио уюму бөлгөн эфирдик акысыз убакыттын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбого тийиш”, 3-пунктта “акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга дискуссияларды, “тегерек үстөлдөрдү” жана ушул сыяктуу бөлөк үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана берилет”,-деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле 33-беренеде мамлекеттик басмасөздө шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн бир беттен кем болбогон акысыз басма аянтын теңдеш шарттарда берүү каралган.
Үгүт иштеринин мыйзам чегинде өтүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын жумушчу тобу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG