Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Президент Ош шаарында коомдук кабылдамасын ачты


Президент Роза Отунбаева Ош шаарында коомдук кабылдамасын ачты. Президенттин коомдук кабылдамасынын ачылышына Ош облусунун жетекчилиги жана шаар тургундары катышышты. Ушул тапта президент июндагы коогалаңда каза тапкан жарандардын жакындарын кабыл алды. Маркумдардын жакындарынын айтымында, алардан ушул убакка чейин бийлик кабар алган эмес. Алар ошондой эле бийликтен июндагы коогалаңда каза тапкандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан колдоону жана өлгөндөр үчүн компенсация төлөп берүүсүн суранышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” Ош облусу боюнча кабарчысы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG