Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Гаагада орус-грузин талашы боюнча угуу башталды


Грузия жикчил Түштүк Осетия менен Абхазиядагы укук бузуулар боюнча Орусияны Эл аралык Акыйкаттык Трибуналына сотко берген.
2008-жылдын августундагы арызында Грузия Орусияны аталган эки жумуриятта рассалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жою боюнча эл аралык конвенцияны бузуп жатат деп айыптаган. Грузия трибуналга эки өлкө Түштүк Осетия үчүн согушкандан бир нече күндөн кийин кайрылган. Бүгүнкү угууда Орусиянын өкүлү Кирил Геворгян Грузиянын арызы жогоруда аталган конвенция эмес, мындан эки жыл мурдагы согуш жөнүндө болуп жатат деди. Орусия Гаага Трибуналынын бул маселени кароого укугу жок деп ырастап келет. Грузиянын өкүлү трибуналдын 16 сотунун алдында эртең сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG