Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

А.Бекназаров сот-прокуратураны дале көзөмөлдөөрүн айтууда


Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, учурда Кыргызстанда эки өкмөт иштеп атканын, бирөөсү – Убактылуу өкмөт, экинчиси – техникалык өкмөт экенин, ал өзү эки өкмөттүн тең мүчөсү экендигин билдирди.

Анын айтымында, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары ал 7-апрелден бери сот-прокуратура органдарынын иштерин көзөмөлдөп келатат. Ал эми кийинчерээк техникалык өкмөттүн курамына киргенден бери вице-премьер-министр катары Ички иштер министрлиги менен Жаза өтөө башкы башкармалыгынын иштерин да көзөмөлдөп калды.

Буга чейин президент Р.Отунбаева жарлык чыгарып, вицелердин ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүп, А.Бекназаровго вице-премьер-министр катары Ички иштер министрлиги менен Жаза өтөө башкы башкармалыгын көзөмөлдөө тапшырылган. Сот-прокуратура тармагы түздөн-түз президентке баш ийип калган. Анда бир катар серепчилер, Убактылуу өкмөттүн курамында сот-прокуратураны да көзөмөлдөп келген А.Бекназаровду алсыратуу аракети башталганын айтышкан. Ал эми Убактылуу өкмөт өтө зарыл учурда гана декреттерди кабыл алууда чогулгандыктан, ыйгарым укуктардын так бөлүнүшү менен А.Бекназаров сот-прокуратура тармагын көзөмөлдөй албай калары айтылган. Ошентсе да А.Бекназаров Убактылуу өкмөттөгү ыйгарым укуктары бар экенин айтууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG