Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Ош: ушак-айыңдарга согуш жарыяланды


Соңку күндөрдө Ошто ар-кандай айың кептер элди чочутуп жатканы айтылууда.
Соңку күндөрдө Ошто ар-кандай айың кептер элди чочутуп жатканы айтылууда.

Президент катышкан Оштогу жыйында УКМКнын аймактык башчысы Турат Асанбаев кырдаал турукташып калганын, бирок айрым эл аралык уюмдар менен ММКлар июнь коогалаңын бир жактуу чагылдырышы жаңы чыр-чатакка себепчи болушу ыктымалдыгын эскертти.

Ошол эле учурда жергиликтүү укук коргоочулар жана жарандар кагылышуулардын алдын алууда бийлик алсыз экендигин айтышууда.

Президент Роза Отунбаева катышып жаткан укук коргоо жана сот органдарынын кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн Ош облустук жана шаардык улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Турат Асанбаев соңку мезгилде кырдаал турукташып бараткандыгын, бирок аны төмөнкү жагдайлар кайрадан козутууга көмөктөшүп жаткандыгын жарыялады:

- Ошол эле учурда чагымчыл маалыматтардын калк арасында жайылтылышы, айрым саясий күчтөрдүн теңирден тескери аракеттери, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын, өзгөчө эл аралык бир катар уюмдардын июндагы окуяларды бир беткей чагылдырышы жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын аларга шыкак берип туруусу кырдаалдын турукташына терс таасирин тийгизүүдө. Анткени, алардын бир жактуу иш алып баруусу акыр-аягында улуттар аралык жаңы чыр-чатактардын себепчиси болушу ыктымал.

Бирок аймактагы бир жергиликтүү бейөкмөт уюмдун башчысы Улуттук коопсуздук кызмат өкүлүнүн аларга карата айткан сөзүн “Азаттыкка” четке какты:

- Айрым ММКлар “Ноокат районунда өзбек-кыргыз урушу качан башталат?”- деп жазып жатышат. Эми ушундай чагымчыл гезиттерди окуган жердештеримдин арасында “Эки этностун кагылышы кайрадан башталат экен” деген чочулоолор күч. Өкмөт болгондон кийин ушандай ушак-айыңдардын авторлорун же гезит кожоюндарын чакырып, текшертип коюшпайбы? - деди Ноокаттагы “Мыйзамдуулукту коргоо” фондунун башчысы Набижан Каримбердиев. Анын эскертишинче, чагымчыл мүнөздөгү кабарларды тараткан массалык маалымат каражаттарына чукур чаралар көрүлбөсө, акыбал жакын арада турукташаары күмөн.

Ал эми Ош шаарында жашаган коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жайдагы тополоң жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын алсыздыгын ашкерелегендигин билдирди:

- Онунчу июнь түнү тополоң башталып, он биринде өрттөө жана талап-тоноо күчөдү. Ошондон кийин үч күн катары менен Ош шаары кожоюну жок калды. Ошон үчүн жанагындай массалык башаламандыкка ыңгай жараткан аткаминерлер, анын ичинде айрым күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматынан четтетилип, жоопко тартылууга тийиш. Эгерде андай чара көрүлбөсө, Ош окуясы дагы кайталанышы мүмкүн. Себеби, жергебизде ар кандай улуттагы куралданган армиясы бар адамдар пайда болушту. Жашырып кажети не, ошолор азыркы бийликке абдан таасир этип жатышат.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикиринче, укук коргоо органдары парламенттик шайлоого чейин эле калкты, ошондой эле айрым топторду куралсыздандырууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Ушул тапта андай кадамдарды жасоо кыйын, анткени коопсуздукту шылтоолоп эч ким жарагын тапшырбайт.

Ошентсе да, президенттик администрациянын коргоону жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев аймактык күч органдарын идеологиялык диверсияга каршы катаал чараларды көрүүгө чакырды:

- Ушак-айың коркунучтуу идеологиялык диверсия болуп эсептелет. Баарыбызга дайын, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде немистер Москвага жакындап калганда Сталин “Жеңилүүгө шарт жараткан ушак-айыңдарды тараткандар жеринде сураксыз жана сотсуз атылсын!” деген буйругун чыгарган. Мына карасаңар, азыр да бул имиш-имиштер элди жок жерден дүрбөтүп, канчалаган кишилер Ош шаарынан кетип жатышат. Ошон үчүн жанагыл чагымчыларды кайдан-жайдан таап, токтоосуз жоопкерчиликке тартуу абзел. Ансыз өлкө ичи тынчыбайт, мунун акыры башка алааматтарга алып келиши ыктымал.

Укук коргоо жана сот органдарынын кеңейтилген жыйыны андан соң жабык түрдө уланды. Маалыматтарга караганда, анда президент Роза Отунбаева Ош окуясына таандык жоруктардын тергелиши, сотко ашырылган кылмыш иштеринин териштирилиши туурасында сөз кылды.

XS
SM
MD
LG