Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Германия Түркиядагы референдумга колдоо билдирди


Германиянын тышкы иштер минстри Гуидо Вестервелле бүгүн Берлинде сүйлөдү:

- Түркиядагы конституциялык референдумдун жыйынтыгын колдойбуз. Ал Түркия ички реформаларын уланта тургандыгын, өлкөнүн көздөгөнү Европа экендигин көрсөтөт. Биз ички реформалардын артында турган күчтөрдү колдойбуз, себеби Түркия, экономикалык гана эмес, коопсуздук жана дүйнөлүк кызматташтык жаатында да биздин маанилүү шеригибиз.

Кечээки добуш берүүнү Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттары да колдогон эле. Референдумда 26 өзгөртүүнү түрктөрдүн 58 пайызы колдоду. Добуш берүүгө келгендер 77 пайызды түздү. Оппоненеттер бул толуктоолор саясий исламга ыктаган бийликтеги АК партиясынын таасирин күч алдырат деп чочулашат. Өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган референдумдун жыйынтыгын «Түрк демократиясынын жеңиши» деп баалады

XS
SM
MD
LG