Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Египетте Израил-Палестина сүйлөшүүлөрү башталууда


Израил жана Палестина лидерлери ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 2-айлампасы бүгүн Египетте башталууда. Шарм эль-Шейх курортундагы 2 күндүк сүйлөшүүлөрдө АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон арачылык кылмакчы. Жолугушуунун алдында Клинтон Израиль Иордан дарыясынын батыш жээгинде конуштарды курууга мораторийди узартууга тийиш деген Вашингтондун позициясын кайталады. Жекшембиде жөөт өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху конуштарды тургузуу чектелет деп, ошол эле маалда курулуштар толугу менен токтотулбайт деп билдирди. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас оккупацияланган аймакта жөөт конуштары кеңейтиле берсе, сүйлөшүүлөрдү таштап кетээрин эскертүүдө. Ай башында Вашингтондо Аббас менен Нетаньяхунун жолугушуусу өткөн. Тынчтык сүйлөшүүлөрү дээрлик эки жылдан бери токтоп турган.

XS
SM
MD
LG