Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Венесуэлада учак кулап түштү


Венесуэлада жүргүнчү ташыган учак кырсыкка учурады. Канча киши каза болуп, канчасы жараланганы азыр так белгилүү эмес. Транспорт министри Франциско Гарсестин айтымында, мамлекеттик авиакомпанияга таандык учак Пуэрто Ордас шаарынан алыс эмес жерде кулаган. Учакта 43 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү бар болчу. Тактала элек маалыматтарга ылайык, бери дегенде 23 киши аман калды.

XS
SM
MD
LG