Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Орусиядан база ижарасы үчүн аскерий куралдар суралууда


Кыргызстандын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен Орусиянын Коргоо министри Анатолий Сердюков жолугушуп, Кыргызстандагы орусиялык объектилер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстандын Коргоо министри А.Кудайбердиев Орусия тарапка Кыргызстанда жайгашкан беш орус аскерий объектисин бир базага бириктирүү сунушун билдирди. Ал эми Орусиядан базанын ижара акысы үчүн акчалай эмес, аскерий куралдар түрүндө төлөө суралган. Бул жааттагы сүйлөшүүлөр уланмакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG