Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Айрым элчилер кызматтан бошотулду


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги айрым бир катар элчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Алар Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Азизбек Мадмаров, Кыргызстандын Улуу британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Кубан Мамбеталиев, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Ишенгүл Болжуровалар. Булардын арасынан И.Болжурова бир эле убакта Кыргызстандын Латвия жана Литвадагы элчиси кызматын да аркалап келген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG