Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

CPJ: Казакстан берген убадасын аткарган жок


Журналисттерди коргоо комитети Казакстанды ЕККУнун төрагалыгынын алдында берген убадаларын аткарбаганы үчүн катуу сындады. Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм расмий Астана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагалыгына киришүүнүн алдында адам укуктары жана маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу милдетин алган. «Бирок президент Назарбаевдин өкмөтү берген убадасын унутуп, өзүнүн репрессивдик аракеттерин арттырууда», деп жарыялайт. Казакстанды ушул жыл аягында ЕККУга мүчө өлкө башчылардын саммити өтөт.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндигин иликтөөсүндө дүйнөдөгү 175 өлкөнүн ичинен 142-орунду алган.

XS
SM
MD
LG