Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Б.Ибраев: Биз баштаган иштерди токтотууну каалаган күчтөр бар


Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, анын кызматтан алынышы кайсы бир таасирлүү күчтөргө өтө керек болгон жана алар Башкы прокуратура козгогон бир катар чуулгандуу кылмыш иштерди токтотуп калууга аракет кылышууда.

Б.Ибраевдин айтымында, 2005-жылы дал ушул сыяктуу окуя болуп, андагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду түрдүү оюндардын аркасы менен кызматтан алып, ал козгогон кылмыш иштердин бардыгы кийинчерээк жабылып калган. “Бул жолу да ошондой болуп калабы деген коркунуч бар”,- дейт Б.Ибраев.

Б.Ибраев ошондой эле буга чейин июндагы коогалаң боюнча өзгөчө позициясын билдирип келгенин, Human Rights Watch сыяктуу таасирлүү эл аралык уюмдардын отчетуна кескин сындарды айтып келатканын, ушуга байланыштуу эл аралык күчтөр да ал сыяктууларды кызматтан алууга салымдарын кошкон болуусу ыктымалдыгын билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG