Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Казак бийлиги кыргыз жаранын Өзбекстанга өткөрдү


Кыргызстандын жараны, өзбек тектүү Хуршид Камилов эки өзбек милиция кызматкерин өлтүргөн жана террордук аракеттерге катышкан деп айыпталып Өзбекстан тарабынан издөө жарыяланган. Камилов июнь айында Алматыда мыйзамсыз чет элдиктерди аныктоодо кармалган жана өткөн жумада өзбек тарака өткөрүлдү. Кыргыз бийлиги буга эч кандай үн каткан жок.

Июндан бери дагы 29 өзбек жараны Казакстанда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин түрмөсүндө кармалууда. Алардын көпчүлүгүнүн аялдары өткөн жумада Алматы шаардык прокуратурасына келип, күйөөлөрүн чыгаруу талабын коюп, алар Казакстанга саясий баш калка издеп келишкендигин билдиришти. Адам укуктары боюнча Казак бюросунун өкүлү кармалган 29 өзбектин актоочулары үч айдан бери аларга жолуга албай жаткандыгын айтты. Казакстан учурда ЕККУнун төрагалыгын аткарууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG